26.04.2018 15:13

Ысык-Көл  районунун үй-бүлөлүк медицина борбору 2 тез жардам унаалуу болду

Ысык-Көл  районунун үй-бүлөлүк медицина борбору 2 тез жардам унаалуу болду

Ысык-Көл  районунун үй-бүлөлүк медицина борборуна 2 тез жардам унаасын беришти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Аталган райондун үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Бубүайым Жээнбаеванын айтымында, былтыр жол кырсыгынан улам аймактагы тез жардам унаасы жарабай калган.

Калкты тейлөөдө ыңгайсыздыктар жаралып, мындан улам, борбор кызматкерлери кайрымдуулук уюмдарынан жардам сурап кайрылууга аргасыз болушкан.

Эми кызматкерлер дароо эки унаалуу болушту. Алардын бирин кайрымдуулук уюму белекке берсе, экинчисин үй-бүлөлүк борбордун атайын эсебиндеги каражатка сатып беришкен.